Беларустагы митингчи ак калпак кийип чыкты
Беларусь өлкөсүнүн Минск шаарында нааразычылык акциясы кечээ, 18-октябрда да уланды. Мындай акциялар 71 күндөн бери уланып келет.
Нааразычылыктарга себепкер болгон Александр Лукашенко президент катары ант берүүгө жетишти. Ал 9-августтагы шайлоонун жыйынтыгында кайрадан президент болуп шайланганын БШК жарыялаган болчу.
Кечээки акциячылардын арасында ак калпак кийген адам дагы болгон. Анын сүрөтү социалдык түйүндөргө тарап жатат.
Булак: Баракелде