Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 72

Оппозиция өкүлдөрү муну Лукашенко алсызданганы катары сыпатташты.

Беларус басылмалары кабарлагандай, 10-октябрда Александр Лукашенко камакка алынган оппозиция лидерлери менен жолугушуп, Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселесин талкуулады.

Президенттик администрациянын басма сөз кызматы жарыялаган сүрөттө Лукашенко Виктор Бабарико, Лилия Власова, Виталий Шкляров сыяктуу оппозиционерлер менен сүйлөшүп турганын көрүүгө болот.

Оппозиция өкүлдөрү муну Лукашенко алсызданганы катары сыпатташты.

Европа Биримдиги жана АКШ 9-августта өткөн шайлоо жыйынтыгын жасалмалаган деп, Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу президенти катары тааныбай келүүдө.

Шайлоонун артынан башталган нааразылык акциялары эки айдан бери токтой элек.

Булак: Азаттык