Учурда өлкөнүн медициналык мекемелеринде 2 миң 622 бейтап дарыланууда.
Өзбекстанда акыркы бир суткада 328 адамдан коронавирус аныкталды. 354 адам ооруканадан чыгарылса, 2 бейтап көз жумду.
Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, коронавирус жуктургандардын жалпы саны 60 миң 450 адамга жетти. 57 миң 330 адам ооруканадан чыгарылган.
Учурда өлкөнүн медициналык мекемелеринде 2 миң 622 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 328 адамдын абалы оор болсо, 117 адамдын абалы өтө оор.
Булак: Баракелде