Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 112

Расмий түрдө коронавирус тууралуу айтылбаган Түркмөнстанда дарыгерлердин COVID-19 инфекциясын жуктуруп алуу тобокелдиги жогору болууда.

Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы билдирди. Маалыматка караганда, өлкөдө коронавирустун белгилери менен ооруканаларга жаткан медицина кызматкерлери көбөйгөн. Алардын арасында өз каалоосу менен жумуштан кеткендер да аз эмес.

«Көп профилдүү ооруканада коронавирус белгилери байкалган медайымдар менен дарыгерлер көбөйдү. Азыр оорукананын 62 жаштагы хирургу оор абалда жатат. Анын уулу менен кызы да ооруканада. Мындай абалга тынчсызданган айрым дарыгерлер, медайымдар жана санитарлар жумуштан кетүү тууралуу арыз жазып жатышат», — деди Түркмөнабад шаарындагы ооруканалардын биринин кызматкери.

Оор шарттарда иштеп жаткан медицина кызматкерлерине айлыгы да өз учурунда берилбей жатканы айтылууда.

«Лебаптагы көп профилдүү оорукананын бюджети бейтаптардын санына жараша куралат. Азыркы абалга байланыштуу ал карантиндик аймакка айлангандыктан, киреше түшпөй калды, өкмөт тараптан да колдоо жок. Кызматкерлердин маянасын төлөгөнгө акча жок болууда», — деди дарыгерлердин бири.

Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө коронавирус жуктурган бир да учур жок экенин билдирип келет.

Булак: Азаттык