Жолугушуу Сочи шаарында өтүшү мүмкүн.
Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко 9-августта жыйынтыгы айтылган президенттик шайлоодон кийин биринчи жолу өлкөнүн аймагынан сыртка чыкты. Ал Россияга президент Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн учуп кеткенин жалпыга маалымдоо каражаттары жарыялады.
Жолугушуу Сочи шаарында өтүшү мүмкүн. Анда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, региондогу кырдаалга байланыштуу эл аралык маселелер карала турганын Лукашенконун басма сөз кызматы билдирген.
Александр Лукашенко кайрадан президент болуп шайлангандан бери шайлоонун жыйынтыгына ишенбеген Беларусь Республикасында жарандардын нааразычылык акциялары уланып жатат.
Булак: Баракелде