Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 129

Акыркы сутканын ичинде Россиянын аймагында дагы 5363 адамдан коронавирус аныкталды.

Ыкчам штабдын маалыматы боюнча, жаңы бейтаптар федерациянын 84 аймагында катталган.

Акыркы сутканын ичинде Россияда коронавирустун кесепетинен 128 бейтап көз жумган. Муну менен жалпы 18 263 бейтап каза тапты.

Россияда жалпы 1 046 370 адамга коронавирус жугуп, алардын ичинен 862 373 адам айыккан. Учурда 208 801 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Булак: Баракелде