Оору жуккандан кийин 124,6 миң адам көз жумду.
Бразилияда коронавирус жуккан адамдардын жалпы саны 4 миллиондон ашты. Жонс Хопкинс университетинин 4-сентябрга карата жүргүзгөн эсеби боюнча, 4 041 638 адам катталган.
Оору жуккандан кийин 124,6 миң адам көз жумду.
Учурда Бразилия коронавирус жуккан адамдардын саны боюнча Америкадан кийинки 2-орунда турат. Америкада 6,1 млн адам оору жуктурган. Ал эми 3-орундагы Индияда 3,9 млн адамга коронавирус жукту.
Акыркы эсеп боюнча дүйнөдө жалпы 26,3 млн адамдан Covid-19 аныкталды. Алардын ичинен 868,8 миң адам көз жумган.
Булак: Баракелде