Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 132

Эми жубайлар даректүү жана көркөм фильмдерди, сериалдарды тартып, балдарга арналган берүүлөрдү даярдоо менен алектенишет.

Көпчүлүктүн назарында болуп келген Британ ханзаадасы Гарри менен анын жубайы Меган Маркл продюсердик компания ачып, Netflix сервиси менен эксклюзивдүү келишимге кол коюшту. Бирок азырынча компаниянын аталышы жана келишимдин суммасы айтыла элек.

Эми жубайлар даректүү жана көркөм фильмдерди, сериалдарды тартып, балдарга арналган берүүлөрдү даярдоо менен алектенишет.

Меган Маркл буга чейин Suits («Форс-мажорлор») деген белгилүү америкалык сериалга тартылгандыгы менен бегилүү. Бирок ал өзү жакында актриса катары съемкаларга катышпай турганын билдирди.

Ханзаада менен жубайы быйыл 31-мартта расмий түрдө падышалык үй-бүлөнүн ыйгарым укуктарынан баш тартып, каржылык көз карандысыздык жарыялашкан. Алар АКШга көчүп кеткени менен Сассекс герцог жана герцогинялары титулун сактап калышкан.

Булак: media-center.kg