Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 130

Кытай баш калаасы Бээжинде коронавируска чалдыккан бейтаптардын баары сакайды.

Ооруканада жаткан акыркы эки киши айыгып, үйгө чыгарылганын 26-августта ТАСС агенттиги калаанын Гигиена жана саламаттык сактоо комитетинин маалыматына таянып жазды. Ага карабай, коомдук автоунааларда, дүкөндөрдө жана эл көп чогулган жайларда адамдар беткап кийүүгө милдеттүү. Башка аймактарда ооруп жаткандарды дарылоо уланууда.

Бээжинде COVID-19 вирусуна 935 киши чалдыкканы расмий кабарланган.

Кытайдын Ухань шаарында 2019-жылдын декабрында тутанган коронавирус илдети өлкөдө 90 миңге жакын кишиге жугуп, 4700дөн көбүрөөк адам жашоо менен кош айтышты.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, вирус дүйнөнүн 188 мамлекетине тарап, 28 миллион 813 миңден ашуун адам ооруду. Алардын 15 миллион 500 миңге жакыны сакайып, 817 миңден көбү жашоо менен кош айтышты.

Булак: Азаттык