Тува Республикасынын башчысы Шолбан Кара-оол экинчи жолу коронавирус оорусун жуктурду.
Буга чейин май айында коронавирустан дарыланган болчу.
Өзү социалдык түйүндөгү видеокайрылуу аркылуу билдирген маалымат боюнча, учурда жугуштуу оорулар ооруканасында. Ал бул оору өлүмгө чейин алып келе турганын биле турганын, бирок аны коркунучтуу кабыл албай жеңүүгө боло турганын айткан.
Ошондой эле өлкө лидери бул оору менен экинчи жолу жукпай турганына ишенгенин кошумчалаган.
Булак: Баракелде