Мексика Орусиянын COVID-19 вирусуна каршы вакцинасын сыноого катышкысы келет.
Мексиканын тышкы иштер министри Марсело Эбрард орусиялык вирусологдор иштеп чыгып жаткан вакцинаны сыноого катышкысы келерин “Твиттердеги” баракчасына жазды. Муну менен ал "Спутник V" деп аталган вакцинаны сыноонун үчүнчү мөөнөтүнө катышуу ниетин жазган.
"Бул мексикалыктардын вакцинаны кыска мөөнөттө, арзаныраак алуусуна шарт түзөт", деди министр.
Мексикада коронавируска чалдыккан адамдар жарым миллиондон ашты. 57 миңден ашуун адам оорудан көз жумду. 363 миңден ашык адам илдеттен сакайып кетти.
Булак: Азаттык