Беларуста оппозициячыл саясатчы Светлана Тихановская мамлекеттин башында турууга даяр экенин билдирди.
«Өлкө тынчтанып, кадимки жашоо ыргагына келиши үчүн мен өзүмө жоопкерчиликти алып, улуттук лидер катары чыгууга даярмын», - деди Тихановская 16-августта жарыяланган видео кайрылууда.
Ал коопсуздук күчтөрү президент Александр Лукашенконун «кылмыштуу буйруктарын» аткаруудан баш тартып, эл тарабына өтсө, алардын буга чейинки жарандарга каршы жасаган аракеттери кечирилерин да кошумчалады.
Тихановская Литвага 9-августтагы добуш берүүдөн соң чыгып кеткен. Шайлоонун расмий жыйынтыктарына ылайык, ал Лукашенкодон кийинки экинчи орунду ээлеген.
16-августта баш калаа Минскиде өткөн «Эркиндик үчүн!» маршына түмөндөгөн адамдар чыкты. Алар мамлекетти 26 жылдан бери башкарып келген Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылышты.
Булак: Азаттык