Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 141

Американын президенти Дональд Трамп 72 жаштагы бир тууган иниси Роберт Трамп каза болгону туурасында кабарлаганын РИА Новости жазды.

Ал оор абалда Нью-Йорктогу ооруканалардын бирине жаткырылган. АКШ лидери жума күнү анын ден соолугун сураганы барганы айтылат.

“Терең кайгыруу менен бүгүн кечинде иним Роберт дүйнө салганын жазып отурам. Ал менин иним эле эмес, эң жакын досум болчу. Биз аны эми өтө сагынабыз, бирок кайрадан жолугушуу учуру келет. Анын элеси менин жүрөгүмдө түбөлүккө сакталат. Роберт, мен сени жакшы көрөм. Жаткан жериң жайлуу болсун”, — деп жазган Трамп.

Булак: Элгезит