71 жаштагы Лай - Гонконгдогу демократиячыл кыймылдарды колдогон, Бээжиндин саясатын сынга алган таанымал ишмерлердин бири.
Гонконгдогу белгилүү ишкер, бир нече күн мурун кармалып, камакка алынган «Apple Daily» гезитинин кожоюну Жимми Лай күрөө алдында кое берилди. "South China Morning Post" басылмасынын маалыматына караганда ушундай эле шарт менен башка активисттер да абактан чыкты. Полиция участогунан чыгып келе жаткан Лайды анын ондогон тарапкерлери тосуп алды.
Жимми Лай Гонконгдогу улуттук коопсуздук тууралуу жаңы мыйзамдын алкагында «чет өлкөлүк күчтөр менен алакада болгон» деп айыпталууда. Полиция Лайды эки уулу жана башка активисттер менен кошо 10-августта кармап, камакка алган.
71 жаштагы Лай - Гонконгдогу демократиячыл кыймылдарды колдогон, Бээжиндин саясатын сынга алган таанымал ишмерлердин бири. Анын кармалышы Британия 1997-жылы Кытайдын башкаруусуна өткөрүп берген шаарда жарандык эркиндик чектелип жатканы тууралуу тынчсыздануу күчөгөн учурга туш келди.
Гонконгдун улуттук коопсуздугу тууралуу мыйзам 1-июлдан тарта күчүнө кирген. Борбордук бийлик тийиштүү эрежени аймактагы жикчилдикке, терроризмге, козголоңго жана чет элдик кийлигишүүгө каршы деп чечмелеп келет. Мындай беренелер боюнча соттолгондор кеминде 10 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Булак: Азаттык