Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 154

Бирок ал Үсөнов экенин мойнуна албай келет.

Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко Кыргызстандын мурунку премьер-министри Данияр Үсөнов жетектеген ишканага барган. Ишкана жогорку технологиядагы агрардык өнөр жай тармагындагы инвестициялык долбоорду ишке ашырып жатат.

Бул компанияны Даниил Урицкий аттуу жаран жетектейт. Ал Кыргызстанда Данияр Үсөнов деп таанылган, Кыргызстандын мурунку премьер-министри. Д.Үсөнов 2010-жылдагы окуяда өлкөдөн Курманбек Бакиев менен бирге качып кеткен. Бир нече жылдан бери Беларуста жашап, аталган өлкөнүн жарандыгын алган.

Бирок ал Үсөнов экенин мойнуна албай келет. 2018-жылы белоруссиялык журналисттердин суроосуна: «Кыргызстандын премьер-министри Данияр Үсөнов 2013-жылы Малайзияда көз жумган деп уккам», - деп жооп берген болчу.
Буга карабастан Лукашенко Даниил Урицкийди чыгыны атынан атады.

«Данияр, бул жерде бир эле саясат бар — адамдар. Принциптүү жана чынчыл адам экениң көрүнүп турат. Беларустарды капа кылбайсың, анткени алар эмгекчилдиги жагынан кыргыздарга окшош. Ошондуктан беларустарды капа кылбаш керектигин билесиң, алар ишенимдүү адамдар. Саясаттын баары ушул», - деген Лукашенко Үсөновду далыга таптаган.
Бул жолугушуудан кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Беларусь Республикасынын өкүлүн чакырып, мурунку премьер-министр Данияр Үсөновго байланыштуу түшүндүрмө берүүнү талап кылды. Бул Кыргызстанда соттолуп, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн мурунку өкмөт башчы 10-августта Беларустагы мамлекеттик иш-чарада эл алдына ачык чыкканы менен байланыштуу.

 

Булак: Баракелде