Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 183

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөдөгү кумар оюндарынын бизнесин мыйзамдаштыруу жөнүндө документке кол койду.

Бул тууралуу президенттин аппаратынын расмий сайтында жарыялангандыгын чет элдик басылмалар жазды.

Документте уруксат берилген иш-аракеттердин тизмеси, ошондой эле оюн-зоок мекемелерине кирүү жана кумар оюндарына катышуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын реестрин түзүү көрсөтүлгөн. 21 жашка толгон жарандар гана ойной алышат жана ар бири кимдигин аныкташы керек.

Мыйзам долбоору төмөнкүлөргө уруксат берет:

Кумар оюндарын жүргүзүү үчүн лицензия талап кылынат. Ошондой эле жаңы беш жылдыздуу мейманкана кура турган инвесторлор үчүн 10 жылга акысыз лицензия берилет.

Ошондой эле, кумар оюндарын жөнгө салуу боюнча мамлекеттик комиссия жана Медицина, спорт жана маданиятты колдоо фонду түзүлөт.

Украинада оюн бизнесине 2009-жылдан бери расмий түрдө тыюу салынган, бирок эксперттер бул «көмүскөдө» иштегенин белгилешет.

Булак: Маралфм