Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 60

Бүгүн, 3-августка карата дүйнө жүзүндө 18 миллиондон ашык адамдан COVID-19 вирусу аныкталды.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, аалам боюнча 18 млн 2 миң 567 адам коронавирус менен катталды. Алардын ичинен 687 миңден ашык адам каза болуп, 10 млн 649 миң 108 бейтап айыкты.

Бейтаптардын көбү Америкада (4,6 млн адам). Ошондой эле бул өлкөдө 154 миңден ашык адам вирустун кесепетинен каза тапты. Ал эми Бразилияда 2,7 млн, Индияда 1,7 млн адам коронавирус жуктурду.

Түштүк Африка мамлекетинде бул ооруга чалдыккандардын саны жарым миллиондон ашып, дүйнөдө бешинчи орунга чыкты.

Ал эми өлгөндөрдүн саны боюнча АКШ, Бразилия жана Мексика сап башында турат.

Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 36719ду түзөт. Алардын ичинен 27274 киши айыгып чыкты, 1409 адам каза болду.

 
Элгезит