Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 56

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган телефон аркылуу сүйлөштү.

Бул тууралуу Орусия президентинин пресс-кызматы билдирди.

Эки өлкө башчысы Азербайжан менен Армения ортосундагы чыңалуу тууралуу, Сирия менен Ливиядагы абал боюнча пикир алмашты. Эки тарап тең чыңалууну басып, сүйлөшүү аркылуу бир мамилеге келүүнү жактырышкан.

Андан сырткары, Путин менен Эрдоган коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү оң натыйжаларды белгиледи. Ушундан улам 1-августтан тарта Түркия-Орусия айрым шаарларынын ортосунда аба каттамын жандандыруу келишими кабыл алынды.

Булак: Маралфм