Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 57

Коронавирус эпидемиясы убагында дүйнөдө айрым бийлик ээлери жана башкаруучу өкүлдөр вирусту жуктурушкан.

АКШ перзиденти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О’Брайенге коронавирус жукту. Bloomberg агенттигинин маалыматын Ак үй дүйшөмбүдө тастыктады. Маалыматка караганда, О’Брайендин оорусу жеңил өтүүдө, ал үйдөн иштеп жатат.

Associated Press агенттиги белгилегендей, Трамптын кеңешчиси Ак үйдөгү коронавирус жуктуруп алгандардын эң жогорку кызматтагы өкүлү. Буга чейин аппараттын айрым кызматкерлери коронавируска чалдыккан. Ак үй президент менен вице-президенттин вирусту жуктуруп алуу коркунучу болбогонун билдирди.

Коронавирус эпидемиясы убагында дүйнөдө айрым бийлик ээлери жана башкаруучу өкүлдөр вирусту жуктурушкан. Анын ичинде Бразилиянын президенти, орус өкмөт башчысы жана башка бир катар жетекчилер бар. Алардын баары айыкты.

Илдеттин оор формасы менен Британ премьери Борис Джонсон ооруп сакайды.

АКШда күн сайын болжолдуу 50 миңге чукул адам коронавируска чалдыгат. Акыркы кездери оорудан көз жумгандардын саны кайрадан көбөйүп, бир күндө миңден ашуун адам каза болгон учурлар катталууда.

Пандемия башталгандан бери АКШда 4,3 млн. адам вирус жуктуруп, дээрлик 150 миң киши андан көз жумду. Оору жуктурган жана андан каза болгон адамдардын саны жагынан Америка дүйнөдө биринчи орунда.

Булак: Азаттык