Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 57

Африка континентиндеги коронавирустук инфекциянын негизги борборуна айланган Түштүк Африка республикасы менен чектеш өлкөлөрдө COVID-19 оорусунун өсүшү байкалууда.

Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун саламаттык сактоо боюнча шашылыш программасынын Африка чөлкөмүндөгү кеңешчиси Мириам Наньюнджага таянып, чет элдик басылмалар жазды.

Түштүк Африканын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө коронавирустук инфекциянын саны 420 миңден ашып, 6,3 миңден ашуун адам көз жумган.

«Акыркы эки жумада коронавирус Түштүк Африкадан башка өлкөлөргө жайылып жаткандыгы байкалууда жана катталган учурлардын санынын пайыздык өсүшү көрүнүүдө«, — деди Мириам Наньюнджа.

Анын айтымында, Замбия, Малави жана Зимбабведе оорунун өсүшү байкалган. Алжир жана Мадагаскар сыяктуу өлкөлөрдө инфекциянын деңгээли жогору бойдон сакталууда, ал эми Уганда, Руанда, Маврикий жана Сейшел аралдарындагы абал салыштырмалуу кыйла жакшы.

Наньюнджа кошумчалагандай, Африкада коронавируска кабылгандар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлгөн сандардан бир кыйла жогору болушу мүмкүн. Себеби, коронавируска карата тест тапшыргандардын саны төмөн болгондугуна  байланыштуу.

Булак: Маралфм