Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 75

Мамлекеттик KCNA агенттиги Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын "Өлкөгө ырайымсыз вирус келди" деп айтканын жазды.

Ага ылайык, бийлик өпкөнү сезгенткен ооруну мындан үч жыл мурун Түштүк Кореяга качып кетип, кайра өткөн аптада мекенине кайткан жаран алып келди деп шектенип жатат. Ким Чен Ын буга байланыштуу чукул жыйын өткөрүп, чек арадагы Кэсон шаары карантинге алынганы маалымдалды.

KCNA Ким Чен Ын ал жаран катуу кайтарылган чек арадан кантип өтүп келгенин текшерүүнү, буга жол бергендерди жоопко тартууну тапшырганын да кабарлады.

Буга чейин дүйнө жүзүндөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири болгон Түндүк Корея коронавирус жуккан бир дагы учур каттала электигин билдирип келген. Бир катар эксперттер оору мурда эле катталганын, бийлик жашырып жатканын айтышкан.

Ушул кезге чейин Түркмөнстан COVID-19 бар экенин ырастабай келгени менен, карантин чараларын күчөткөн. Өткөн аптада бийлик бардык ири соода борборлорун, базарларды, көңүл ачуучу, оюн-зоок жайларын жана кызмат көрсөткөн ишканаларды 10 күнгө жапкан. "Азаттыктын" түркмөн кызматы, эл көп чогулган жайларда адамдар ортосунда эки метрлик аралыкты сактоо талабы коюлганын жазган. Ошондой эле ооруканалар пневмония менен ооруган бейтаптарга толуп калганы, медициналык кызматкерлер оорудан көзү өткөн адамдарды моргго жеткирип үлгүрбөй жатышканы белгилүү болгон.

Дүйнө жүзүндө коронавируска кабылгандар 16 миллион адамдан ашып, 645 миңдей бейтап көз жумду.

Булак: Азаттык