Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 70

Бейшембиге карай дүйнөдө коронавирусту 15 миллиондон ашык адам жуктуруп алды, 623 миңден көп бейтаптын өмүрү кыйылды.

АКШда экинчи күн катары менен 1 миң 100дөн көп бейтап COVID-19дан көз жумду. Бир күндө орто эсеп менен оору жугузган 66 миңден ашык киши аныкталып жатат.

Эксперттер бир топ штаттарда ооруканалар толуп калгандыктан, каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Вируска кабылгандардын жалпы саны 4 миллионго жакындады, 143 миңден көп адам каза болду. Азыр АКШда Калифорния штаты оорунун очогуна айланды. Штатта COVID-19га 409 миңден көп киш чалдыкты жана мындай көрсөткүч Нью-Йоркту ашып өттү.

Жапониянын башкалаасы Токионун башчысы шаарда ооругандар көбөйүп жаткандыктан, алдыдагы майрам күндөрү жарандарды эч кайда саякаттабай, үйдө болууга чакырды.

Латын Америкасында вирустун тарашы басаңдай элек жана ооругандардын саны төрт миллиондон ашты.

Бразилия менен Аргентинада бир канча күндөн бери COVID-19га чалдыккандардын эң чоң көрсөткүчү катталып жатат. Бразилияда соңку бир күндө бул оору дагы 68 миңге чукул адамдан аныкталды, 1300дөй киши көз жумду. чыкты.

Индияда коронавурус жугузуп алгандардын расмий саны 1,2 миллион адамдан ашты. Соңку иликтөө Нью-Дели тургундарынын дээрлик төрттөн бир бөлүгүнө оору жукканын көрсөттү. Мындан улам шаарда илдетке кабылгандардын саны беш миллионго чамалашы мүмкүн.

Булак: Азаттык