Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 60

Түркмөнстан Дүйнөлүк соода уюмунда байкоочу статусун алды.

Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Билдирүүдө ДСУнун Башкы Кеңешинин кезектеги отуруму 22-июлда болгону айтылат.

-Талкуулоонун жыйынтыгында ДСУнун Башкы Кеңешинин мүчөлөрү бир добуштан Түркмөнстанга байкоочу статусун берүүнү чечишти. Учурда 164 өлкө ДСУга мүчө. Түркмөнстан байкоочу макамын алган 25-өлкө, — деди Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги.

Түркмөнстандын ДСУга кирүү демилгесин биринчи жолу 2011-жылы Европа комиссиясынын ошол кездеги президенти Жозе Мануэл Баррозу көтөргөн.

Ашхабадга болгон иш сапарынын учурунда ал түркмөн лидери Гурбангулы Бердымухамедовду Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчөлүккө арыз берүүгө чакырган.

Булак: Маралфм