Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 84

Кошмо Штаттар украиналык эки хакерди кармоого жардам берген маалымат үчүн эки миллион доллар сыйлык жарыялады.

Киевдин Артем Радченко жана Александр Еременко аттуу тургундары америкалык баалуу кагаздар жана биржа боюнча комиссиясынын маалымат базасын бузуп кирип шылуундук кылган деп айыпталып жатышат.

АКШнын атайын кызматынын маалыматына ылайык, украиналык хакерлер төрт жарым миллион доллар мыйзамсыз кирешеге туйтунушкан. Алар акциялары биржага коюлган компаниялардын инсайдер маалыматтарын алып турушкан. Андан сырткары бир жылдан ашык каржылык маалыматтарды башка компанияларга сатышкан.

Январь айында АКШнын жашыруун кызматы иликтөөсүн аяктап, украин жарандарына 16 бөлүмдөн турган айып таккан.

Булак: Азаттык