Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 56

Алматыда коронавируска байланыштуу 20-июлдан тартып карантин чаралары күчөтүлдү жана кошумча чектөөлөр киргизилди.

Алматы шаарынын жашоочуларына эс алуу үчүн тоолорго топтошуп чыгууга, экскурсия өткөрүүгө тыюу салынды. Шаардагы коомдук тамактануу жайлары үстү ачык жерде, кечки саат 22:00гө чейин гана кызмат көрсөтөт. Орундуктардын саны 30дан ашпоого тийиш.

Алматыдагы парктарга, Медеу, Бутаковка, Алма-Арасан сыяктуу белгилүү туристтик жайларга транспорт менен барууга болбойт.

Дем алыш күндөрү улуттук парктар жабылат. Жумуш күндөрү гана жөө сейилдөөгө уруксат берилет.

Казакстан бийлиги 5-июлда кайрадан карантин жарыялап, чектөөлөрдү 2-августка чейин узарткан.

Расмий маалыматтар боюнча өлкөдө вирус жуктуруп алган кишилердин саны 72 миңге чукулдады, 585 адам көз жумду. Жыл башынан бери өлкөдө пневмониядан 3 327 киши каза болгон. Алардын 1555и июлдун биринчи жарымында өлгөн. Казак бийлиги 1-августтан тартып коронавируска кабылгандар менен өпкөсү кагынгандардын статистикасы кошулуп эсептеле баштай турганын билдирген.

Булак: Кабар