Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 98

Акыркы суткада Казакстанда 1630 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.

Алардын ичинен 745 бейтапта оорунун клиникалык белгилери жок экенин коронавируска каршы күрөшкөн ыкчам штаб билдирди.

Казакстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 73 миң 468 адамга жетти.

Жаңы катталган бейтаптар (жалпы/симптому жок):

- Алматы шаарында 251 / 113 адам;

- Нур-Султан шаарында 248 / 134 адам;

- Караганда облусунда 168 / 77 адам;

- Чыгыш Казакстан облусунда 163 / 92 адам;

- Кызылордо облусунда 119 / 32 адам;

- Батыш Казакстан облусунда 103 / 47 адам;

- Атырау облусунда 96 / 53 адам;

- Чыгыш Казакстан облусунда 72 / 2 адам;

- Павлодар облусунда 67 / 12 адам;

- Жамбыл облусунда 61 / 37 адам;

- Костанай облусунда 57 / 26 адам;

- Алматы облусунда 54 / 41 адам;

- Мангистау облусунда 54 / 14 адам;

- Акмола облусунда 53 / 27 адам;

- Чымкент шаарында 27 / 17 адам;

- Түркстан облусунда 20 / 11 адам;

- Актөбө облусунда 17 / 10 адам.

Булак: Баракелде