Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 124

Украина коронавирустун экинчи толкунуна даяр.

Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда селектордук кеңешмеде президент Владимир Зеленский билдирди.

Өлкө башчынын айтымында, Украинада бейтаптардын 50 пайыздан ашыгы коронавирустан айыкты.

«Азыр абал ушундай, биз дайыма баарына даяр болушубуз керек. Бүгүнкү күндө оору кескин түрдө жайылган жок же коронавирус инфекциясына байланыштуу "кызыл чекиттер" жок. Айыккандар 50 пайыздан ашты. Биз экинчи толкунга даярбыз, бирок бизден өтүп кетет деп үмүттөнөбүз», - деди президент.

Акыркы маалыматтар боюнча, Украинда 59,4 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталып, алардын ичинен 1498 бейтап көз жумду.

Булак: Баракелде