Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 63

Россия Федерациясынын аймагында акыркы сутканын ичинде 5940 адам коронавирус менен катталды.

Ыкчам штабдын бүгүн, 20-июлдагы маалыматы боюнча, жаңы бейтаптар федерациянын 85 аймагынан тастыкталып, 1556 бейтап (26,2 %) — коронавирус аныкталгандар менен байланышкан жана оорусу симптому жок өтүп жаткандар.

Ошондой эле бир суткада 85 адам каза болду. 20-июлга карата Россиядагы бул илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 777 миң 486 адамга жетти. Анын ичинен 12 миң 427 бейтап көз жумса, 553 миң 602 киши айыкты.

Пандемия башталгандан бери 25 млн (акыркы суткада 259 миң) лабораториялык изилдөө жүргүзүлгөн. Учурда 272 миң 681 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат.

Булак: Баракелде