Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 533

Россия Федерациясынын аймагында акыркы сутканын ичинде 6635 адам коронавирус менен катталды.

Ыкчам штабдын бүгүн, 10-июлдагы маалыматы боюнча, жаңы бейтаптар федерациянын 85 аймагынан тастыкталып, 1673 бейтап (25,2 %) — коронавирус аныкталгандар менен байланышкан жана оорусу симптому жок өтүп жаткандар.

Ошондой эле бир суткада 174 адам каза болду. 10-июлга карата Россиядагы бул илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 713 миң 936 адамга жетти. Анын ичинен 11 миң 17 бейтап көз жумса, 489 миң 68 киши айыкты.

Пандемия башталгандан бери 22,3 млн (акыркы суткада 308 миң) лабораториялык изилдөө жүргүзүлгөн. Учурда 278 410 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат.

Булак: Баракелде