Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 175

Казакстанда сутка ичинде коронавирусту 1 миң 726 жаран жуктурду.

Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Нур-Султанда 180, Алматыда 217, Шымкентте 49, Акмолада 34, Актөбеде 49, Алматы облусунда 108, Атырауда 336, Чыгыш Казакстанда 121, Жамбылда 48, Батыш Казакстанда 99, Карагандада 120, Костанайда 121, Кызылордада 63, Маңгистауда 52, Павлодарда 52, Түндүк Казакстанда 50 жана Түркестанда 27 адам илдетке кабылды.

Казакстанда жалпы 54 миң 747 адамга коронавирус жуккан.

Булак: Кабар