Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 138

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коронавирустун жана пневмониянын жайылып жатышына байланыштуу 8-июлда телеканал аркылуу элге кайрылды.

Токаев өз сөзүндө оорунун жайылып кетишине Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы жетекчилери менен жергиликтүү чиновниктер жооптуу экенин, алар "катачылыктарга" жол бергенин билдирди. Мындан тышкары вирустун тездик менен тарашына санитардык эрежелерди сактабаган катардагы жарандар да жоопкер экенин белгиледи.

Токаев 13-июлда COVID-19дан каза болгондорду эскерүү күнү деп жарыялады.

Казак президенти коомчулуктагы "бийлик эпидемияга тиешелүү деңгээлде даярданган эмес" деген сындарга жооп берди, "саясий оюндарды уюштуруп жаткан күчтөр бардыгын", алар коомду жикке бөлүүгө аракеттенип жатканын айтты. Токаев кайсы күчтөр экенин тактаган жок, бирок мындай аракеттерге укуктук баа берилерин кошумчалады.

Расмий маалыматка караганда, Казакстанда эпидемия башталгандан бери коронавируска чалдыккан 51 миңден ашык учур катталды. Вирус жугузуп алгандан кийин 264 киши каза болду. COVID-19 жугузуп алганы аныкталгандан кийин көз жумган дагы жүздөн ашык киши расмий статистикага кирген жок. Бийлик алардын өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун билдирген.

Булак: Азаттык