30-июнга карата Россиядагы коронавируска чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 647 миң 849 адамга жетти.
Россиялык ырчы жана теле алып баруучу Анита Цой коронавирус инфекциясы аныкталгандан кийин Москвадагы ооруканалардын бирине жаткырылды. Бул тууралуу «РИА Новости» басылмасы ырчынын басма сөз катчысы Анна Кружелге шилтеме берүү менен жазды.
«Анита COVID-19 диагнозу менен ооруканалардын бирине түштү», - деген Кружель ырчы пандемия башталгандан бери обочолонууда болуп, бардык эрежелерди сактаганын, ооруну кайдан жуктурганын айтуу оор экенин белгиледи.
30-июнга карата Россиядагы коронавируска чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 647 миң 849 адамга жетти. Анын ичинен 9320 бейтап көз жумса, 412 миң 650 киши айыкты.
Булак: Баракелде