Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 145

Америка Кошмо Штаттарында акыркы суткада коронавирус аныкталган 40 870 учур катталды.

Бул өлкөдө пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч экендигин, Рейтер агенттиги маалымдады.

Жалпысынан, АКШда коронавирус менен ооругандардын саны 2,475 миллионго жетти. Өткөн аптада вирусттун жайылышы боюнча рекорддук көрсөткүчтөр Айдахо, Алабама, Аризона, Вайоминг, Джорджия, Калифорния, Невада, Теннеси жана Техас штаттарында байкалды.

Джонс Хопкинс университетинин байкоосу боюнча АКШ учурда коронавирус жуккандардын саны боюнча дүйнөдөгү лидер болуп саналат.

Акыркы маалыматтарга караганда, дүйнөдө вируска кабылгандардын саны 213 өлкөдө 10 243 858ге жетти, 504 410 адам каза тапты.

АКШдан кийинки экинчи орунду Бразилия (1 345 254) бекем карманууда, андан соң Россия (624 437), Индия (549 197) жана Улуу Британия (311 151), Испания (295 850), Перу (279 419), Чили (271 982), Италия (240 310) жана Иран (222 669)алдыңкы саптарда келе жатышат.

Каза тапкандардын саны боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй:

АКШ (128 437), Бразилия (57 658), Улуу Британия (43 550), Италия (34 738) жана Франция (29 778), Испания (28 343), Мексика (26 648), Индия (16 487), Иран (10 508), Бельгия (9 732) жана Перу (9 317).

Булак: Элгезит