Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 216

Акыркы сутка ичинде Казакстанда дагы 547 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды.

Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда коронавируска каршы күрөшкөн ыкчам штаб билдирди.

Муну менен өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 21 327 адамга жетти.

Жаңы катталгандардын саны:

Нур-Султан шаарында – 56 (1,5%);
Караганда облусунда – 48 (2,3%);
Чыгыш Казакстан облусунда – 47 (7,2%);
Павлодар облусунда – 44 (7,0%);
Батыш Казакстан облусунда – 44 (3,3%);
Алматы шаарында – 40 (1,1%);
Актөбө облусунда – 28 (3,7%);
Түркстан облусунда – 24 (3,1%);
Акмола облусунда – 23 (5,3%);
Атырау облусунда – 22 (1,4%);
Алматы облусунда – 19 (2,9%);
Түндүк Казакстан облусунда – 19 (5,6%);
Чымкент шаарында– 16 (1,0%);
Жамбыл облусунда – 10 (1,5%);
Костанай облусунда – 8 (1,8%);
Кызылордо облусунда – 8 (1,3%);
Мангистау облусунда – 5 (1,1%).

Булак: Баракелде