Россия Федерациясынын аймагында акыркы сутканын ичинде 7600 адам коронавирус менен катталды.
Ыкчам штабдын бүгүн, 22-июндагы маалыматы боюнча, жаңы бейтаптар федерациянын 83 аймагынан тастыкталды.
Ошондой эле бир суткада 95 адам каза болду.
22-июнга карата Россиядагы бул илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 592 миң 280 адамга жетти. Анын ичинен 8 миң 206 бейтап көз жумса, 344 миң 416 киши айыкты. Учурда 239 миң 658 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат.
Булак: Баракелде