Акыркы суткада Казакстанда дагы 428 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.
Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда коронавируска каршы күрөшкөн ыкчам штаб билдирди.
Бир сутка ичинде бейтаптардын саны 2,6 пайызга көбөйдү.
Жаңы катталган бейтаптар:
- Нур-Султан шаарында – 79 (2,5%);
- Караганда облусунда – 60 (3,5%);
- Түркстан облусунда – 36 (6,9%);
- Алматы шаарында – 34 (1,0%);
- Чыгыш Казакстан облусунда –34 (10,2%);
- Батыш Казакстан облусунда – 26 (2,4%);
- Түндүк Казакстан облусунда– 26 (17,8%);
- Чымкент шаарында – 23 (1,9%);
- Акмола облусунда - 22 (8,4 %);
- Костанай облусунда– 20 (7,8%);
- Жамбыл облусунда –19 (3,4%);
- Павлодар облусунда – 12 (2,7%);
- Алматы облусунда – 11 (2,0%);
- Мангистау облусунда – 10 (2,4%);
- Атырау облусунда – 7 (0,5%);
- Кызылордо облусунда – 7 (1,3%);
- Актөбө облусунда – 2 (0,3%)
Муну менен өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 16 779 адамды түзсө, анын ичинен 10 411 (+272) бейтап айыкты. Каза болгондордун саны — 113.
Булак: Баракелде