Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 118

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев коронавирус жуктуруп алды.

Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Айдос Укибай билдиргенин Казакстандын телеграф агенттиги жазат.

“Учурда Казакстандын биринчи президенти обочолонгон. Тилекке каршы анын акыркы тести оору бар экенин көрсөттү”, - деп жазган Айдос Укибай өзүнүн Twitter'деги баракчасына.

Анын айтымында, тынчсызданууга себеп жок. “Нурсултан Назарбаев аралыктан иштөөнү улантууда”, - деген ал.

Булак: Кабар