Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 129

Бишкек, “Саясат. kg”.  9-июнга карата Өзбекстанда  коронавирус инфекциясын жуктаргандардын жалпы саны 4448 (+8) адамга жетти.

Өзбекстанда  9-июнга карата саат 10:00до коронавирус инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 4448 (+8) адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымат берген.

Өзбекстандандын министрлигинин маалыматы боюнча, жаңы учурлар Ташкентте катталган. Азыркы учурда эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатканын айтты. Өлкөдө коронавирус илдетинен  3357 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган.  Ал эми, ооруканадаларда дагы 1073 адам бар, алардын ичинен 8 бейтаптын абалы оор.