Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 163

АКШнын мурдагы вице-президенти Жозеф Байден 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышарын былтыр жарыялаган.

АКШнын мурунку вице-президенти Жозеф Байден президенттик шайлоодо талапкерлигин расмий көрсөтүү үчүн делегаттардан жетиштүү добуш топтой алды. Бул тууралуу Ассошиэйтед Пресс басылмасына таянып Риа Новости жазды.

Агенттиктин маалыматы боюнча, президенттикке талапкер өзүн-өзү жылдыруу үчүн эң аз дегенде 1991 делегаттын добушун алуусу керек. Учурда Жо Байден агенттиктин эсеби боюнча 1993 добуш топтоду.

АКШнын мурдагы вице-президенти Жозеф Байден 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышарын былтыр жарыялаган.

Трамптын башкы атаандашы, америкалык саясатчы Жо Байден АКШ президенти Дональд Трампка импичмент жарыялоо демилгесин колдоп келет.

Ал АКШнын президенттигине 2 жолу, 1988-2008-жылдары ат салышып, бирок ийгиликке жеткен эмес. Байден 2009-2017 жылдары ошол кездеги президент Барак Обаманын администрациясында вице-президенттик кызматты аркалаган.

АКШда 2020-жылдын 3-ноябрында президенттик шайлоо өтөт.

Байден демократтардан чыккан жалгыз талапкер. Ал эми республикачылар учурдагы президент Дональд Трампты экинчи мөөнөткө сунушташат. Партиялардын съезди август айына белгиленген.

Булак: Маралфм