Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 122

Польшада президенттик шайлоо 28-июнда өтөт.

Бул тууралуу парламенттин төмөнкү палатасынын спикери Эльжбета Витек билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик шайлоо комиссиясы бул чечимди колдоду. Витектин билдирүүсүнөн кийин Польшада шайлоо кампаниясы башталды.

«Шайлоо кампаниясы учурунда атаандаштык чынчыл болуп, 28-июнда президентти биринчи турда шайлап алуубузду каалайм. Эгер мындай болбой калса, анда эки жумадан кийин экинчи тур өткөрүлөт», - деди ал.

Буга чейин Польшанын өкмөтү 10-майга белгиленген президенттик шайлоонун убактысын жылдыруудан баш тартып жатканы маалымдалган. Пандемия учурундагы шайлоого оппозиция менен укук коргоочулар каршы чыгышкан болчу. 10-майдагы шайлоону почтанын жардамы менен дистанттык түрдө өткөрүү пландалган.

Булак: Баракелде