Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 79

Орусиялыктардын өлкө президенти Владимир Путинге болгон ишеними бир айда мурдагыдан да төмөндөп кетти.

Учурда орусиялыктардын 25% Путинге баарынан көп ишенерин билдиришкен. Муну «Левада-центр» жүргүзгөн сурамжылоонун натыйжалары тастыктап турат.

22-24-майдагы сурамжылоого катышкандардан эң ишенимдүү саясатчылардын атын атап берүүнү суранышкан. Сурамжылоого катышкандардын 25%  Путиндин атын атап өткөн. Апрель айында Орусиянын президентинин рейтинги 28 пайызды түзгөн.

Мындай төмөндөөгө карабастан, Путин бул жаатта саясатчылардын арасында 1-орунду ээлейт. 2-орунда Коргоо министри Сергей Шойгу (14%), андан кийин премьер-министр Михаил Мишустин (11%) турат. Оппозициянын лидери Алексей Навальный менен Москва шаарынын мэри Сергей Собянин 4 пайыздык рейтингге ээ болушту.

Демек, Путинге 55 жаштан ашкан аялдар, пенсионерлер, башкаруучулар жана директорлор көбүрөөк ишенет.

2017-жылдын ноябрында жүргүзүлгөн сурамжылоодо Путиндин рейтинги 59% болгон. 2019-жылдын июнь айында бул көрсөткүч 40%га чейин, ал эми ушул жылдын январь айында 28%га чейин төмөндөгөн.

Апрель айында «Левада-центр» орусиялыктардын Путинге болгон ишеними рекорддук деңгээлде 59 пайызга чейин төмөндөгөнүн кабарлаган.

Кремль «Левада-центрдин» сурамжылоолоруна толук ишене бербейт деп билдирди.

Булак: Маралфм