Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 101

Австриянын президенти Александр Ван дер Белленд жубайы менен карантин эрежелерин бузгандыгы үчүн кармалган.

«Kronen Zeitung» басылмасы жарыяланган  маалыматта, коронавирус пандемиясына байланыштуу ресторандар 23.00дөн кийин жабылышы керектиги айтылат. Полиция италиялык популярдуу «Sole» ресторанына саат 00.20лар чамасында барып, кардарлардын отурганына күбө болгон. Алар Австриянын президенти Александр Ван дер Белленд жана анын коноктору болгон.

Мамлекет башчы Twitter аккаунту аркылуу элдин астынан бул жоругу үчүн кечирим сураган.

«Карантинден бери биринчи жолу тамактанууга бардым. Эки досум менен жубайымды ээрчитип алгам. Биз сүйлөшүп отуруп убакыт кантип өткөнүн билбей калыптырбыз. Өкүнүп турам. Ката кетирдим. Эгер ээси кандайдыр бир чыгымга учураса, буга мен жооптуу болом», — деп жазган мамлекет башчысы.
Австриядагы ресторандар саат 23.00дөн кийин жабылып, конокторго тамак берилбеши керек. Эгер эреже бузулса, кафенин ээси жоопко тартылат. Макалада президент менен анын аялынын күнөөсү жок деп эсептелинери айтылат.

Австрияда 16-мартта жабылган кафе, ресторан жана тамактануучу жайлар 15-майдан тарта белгилүү бир шарттар менен ишин жанданта баштаган. Алардын жумуш убактысы саат 06.00дөн 23.00гө чейин болушу керек. Балдарды кошпогондо, бир дасторкондо төрт адам гана аралыкты сактоо менен отура алат. Кардарлар менен байланышкан кафе кызматкерлери маска тагынышы керек. Ал эми кардарларга маска кийүү талабы коюлган эмес.

Басылманын маалыматы боюнча, президент менен жубайына айып салынбайт. Ал эми ресторандын ээсине айып салуу маселеси чечилет.

Акыркы маалыматтар боюнча, Австрияда 16 миң 503 адамдан коронавирус аныкталып, 640 бейтап көз жумду.

Булак: Элгезит