Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 111

Анын айтымында, болочок президент Кытай жана Орусия менен болгон маселелерди чечиши керек.

АКШ президенти Дональд Трамптын пикиринде, орус кесиптеши Владимир Путин менен жакшы мамиледе болгонуна карабастан, анын экинчи мөөнөткө Ак үйдүн аппаратынын башчысы болуп кайрадан шайланышын каалабайт.

Тележурналист Шерил Аткиссон менен болгон маегинде Трамп ноябрда өтө турган президенттик шайлоо боюнча атаандашы Жо Байденди талкуулоо маалында Орусияга токтолду.

Анын айтымында, болочок президент Кытай жана Орусия менен болгон маселелерди чечиши керек.

Трамп Путин менен жакшы мамиледе экенин, бирок орусиялык кесиптеши анын кайрадан шайланышын каалабай турганын белгиледи.

«Мен азыр айта алам. Мен аны жактырам деп ойлойм, бирок анын менин жеңишимди каалабаасына ишенем. Кытай менин да жеңишимди каалабайт!» — деди Трамп.

Дональд Трамп буга чейин эч бир президент Орусияга каршы катаал саясат жүргүзбөгөнүн бир нече жолу айткан. Тактап айтканда, Трамптын администрациясы учурунда АКШ Орусияга каршы бир нече санкциялар пакетин киргизген.

Булак: Маралфм