Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 83

Өзбекстанда коронавирустан 2407 бейтап айыкты.

 Бүгүн, 22-майда саат 10:00гө карата Өзбекстанда дагы 39 адамдан коронавирус аныкталды. Муну менен өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 3006 адамга жетти.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, коронавирус аныкталган бейтаптар менен байланышта болгон жарандын бардыгы карантинге алынды.

Өзбекстанда коронавирустан 2407 бейтап айыкты. Учурда ооруканаларда 586 бейтап бар. Алардын ичинен 4 бейтап жандандыруу бөлүмүндө.

Булак: Баракелде