Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 92

АКШ ачык асман келишиминен чыгууга ниеттенип жатат.

Бул тууралуу өлкө президенти Дональд Трамп Вашингтондо журналисттер менен жолукканда билдирди.

"Орусия менен мамилем жакшы, бирок Москва келишимде каралган милдеттенмелерди аткарбай жатат. Бизде жаңы келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк көп», - деди президент.

Ачык асман келишимине 1992-жылы мартта кол коюлган. Орусия документти 2001-жылы ратификациялаган. Бүгүнкү күндө келишимге кол койгон өлкөлөрдүн саны 34тү түзөт. Макулдашууга ылайык, бул өлкөлөр аскердик ишмердүүлүктү көзөмөлдөө үчүн бири-биринин аймагы аркылуу учуп өтө алат.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги азырынча АКШдан бул боюнча расмий билдирүү келбегенин билдирди. Мекеме Вашингтондун келишимден чыгышы Европадагы аскердик коопсуздук системасына терс таасирин тийгизет деп эсептейт. Министрлик Москванын дарегине айтылган бардык дооматтар негизсиз экенин белгиледи.

АКШ ачык асман келишиминен чыгуу ыктымалдыгын караштырып жатканы тууралуу алгач былтыр октябрда билдирген.

Булак: Азаттык