Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 136

 «Forbes» журналынын маалыматы боюнча, «Alibaba» компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма мындан ары Кытайдын эң бай адамы эмес.

Журналдын маалыматына ылайык, Кытайдагы эң бай адамдардын тизмесинде биринчи орунду «Tencent» компаниясынын президенти Ма Хуатэн ээледи. Анын байлыгы 48,3 миллиард долларга бааланса, Джек Маныкы - 41,2 миллиард доллар.

Бул онлайн оюндарынын эң ири дистрибьютору болгон «Tencentдин» акциялары жыл башынан бери 14% га көбөйгөнүнө байланыштуу. Биринчи кварталда кирешеси 31% көбөйгөн.

Учурда карантинге байланыштуу мобилдик оюндарга суроо-талап өсө баштады.

Булак: Баракелде