Коронавирус илдети алгач тараган Кытайдын Ухань шаарынан жана Гирин провинциясынан кайрадан аталган вирус бир нече кишиден аныкталды.
BBCнин маалыматына ылайык, дүйшөмбүдө Уханда коронавирус илдетин жуктуруп алган беш киши белгилүү болду. 3-апрелден бери 10-май, жекшембиде алгачкы жолу COVID 19 илдети кайрадан катталды. Шаар бийлиги инфекциясынын очогу болгон чакан квартал бар экенин билдирди.
Кытай акыркы жумада эпидемиянын жайылышы басаңдагандыктан карантиндик чараларды кыйла жумшартты. Ал эми Ухань шаарында карантин апрелдин башында алынган болчу.
Кытайдын медициналык органдарынын башчылары жана эксперттер карантиндик чектөөлөр алынып, жарандар кадимки жашоого кайткандан кийин илдетти жуктуруп алгандардын саны көбөйүшү мүмкүн экенин эскерткен.
Булак: Азаттык