Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 347

Беларус Тышкы иштер министрлиги Орусиянын “Биринчи канал” телеканалынын журналисттеринин аккредитациясын кайтарып алды.

Бул тууралуу беларус телеканалдары кабарлады.

Орусиялык РИА-Новости агенттиги өлкөдөгү коронавирус пандемиясындагы абал жөнүндө көрсөтүлгөн сюжеттен кийин ушундай чечим кабыл алынганын белгиледи.

Бийликтин чечимине “Беларус 1” телеканалынын журанлисти мындай пикирин билдирди.

“Беларус көз карандысыз мамлекет катары өз жарандарын медициналык гана эмес маалыматтык жактан дагы коргоого укугу бар. Маселен, бир сюжетте калп жана фейк жети маалымат бар. Бул аша чапкандык”, - деди жураналист.

tut.by сайты ТИМдин басма сөз кызматкери Анатолий Глазга шилтеме кылып, “Биринчи каналдын” кабарчысы Алексей Кручинин жана топтун дагы бир мүчөсүнүн аккредитациясы 6-майда алынганын жазды.

“Биринчи каналдын” пресс-кызматы кабарчы Беларустан чакыртып алынганын билдирди. Канал журналисттердин аккредитациясы негизсиз алынды деп эсептейт.

Кручинин Беларустагы коронавирус пандемиясы тууралуу бир нече репортаж даярдаган. Анын акыркы программасы 6-май күнү чыккан. Анда журналист коронавирус менен ооруп жаткандар жана андан көз жумгандар көбөйүп жатканы жөнүндө даярдаган. Буга чейин “Биринчи каналдын” сюжеттерин Беларус тышкы иштер министри Владимир Макей сындаган болчу.

Ал сюжеттерде Беларус бийлиги пандемиянын масштабын баалабай жана ага каршы чара көрбөй жатканын айткан. Расмий Минск муну четке кагат. Беларус мамлекетинде жалпы улуттук карантин жарыяланган эмес. Өлкө башчысы Александр Лукашенко бийликтин мындай кадамын актаган бир нече кайрылуу жасаган.

Расмий маалымат боюнча бул өлкөдө коронавирус 20 миң кишиден аныкталып, 112 адам көз жумду.

Булак: Азаттык