Бүгүн, 4-майда саат 12:40ка карата Казакстанда дагы 24 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.
Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Жаңы учурлар Нур-Султан (2), Чымкент (1) шаарларында, Мангистау (9), Түркстан (6), Батыш Казакстан (3), Алматы (1) жана Жамбыл (2) облустарында катталды. Муну менен Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 3988 адамга жетти.
Алардын ичинен:
- 1291 адам Алматы шаарында;
- 700 адам Нур-Султан шаарында;
- 214 адам Кызыл-Ордо облусунда;
- 213 адам Чымкент шаарында;
- 159 адам Караганда облусунда;
- 189 адам Батыш Казакстан облусунда;
- 100 адам Акмола облусунда;
- 184 адам Атырау облусунда;
- 154 адам Жамбыл облусунда;
- 141 адам Түркстан облусунда;
- 150 адам Алматы облусунда;
- 150 адам Павлодар облусунда;
- 50 адам Костанай облусунда;
- 160 адам Актөбө облусунда;
- 30 адам Түндүк Казакстан облусунда;
- 74 адам Мангистау облусунда;
- 29 адам Чыгыш Казакстан облусунда.
Булак: Баракелде