Бишкек, “Саясат.kg”. Өзбекстанда сутка ичинде COVID-19 инфекциясына дагы 22 жаран чалдыкты.
Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен маалым берген.
Муну менен өлкөнүн коронавирус оорусун жуктургандардын жалпы саны 1887 адамга жетти. Бул илдеттен 82 жаран айыгып, реабилитациялык борборго которулган.
Өзбекстанда карантин режими 10-майга чейин узартылды. Ал эми, 25-апрелден баштап айрым ишканалардын иштөөсүнө уруксат берилген.